Биз менен байланышыңыз

Ширин Айтматова мыйзамдарды жеке бизнесине пайдаланган депутаттарды атады (видео)

Кыска кабар | 22 Сен 2019 | 1621 | 0

Мурдагы депутат жана «ҮМҮТ-2020» элдик кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова өзүнүн «Ютуб» каналында мандатын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгон жана мыйзамдарды бизнесин өнүктүрүүгө ыңгайлаштырган бир канча депутатдын атын атап, алардын кандай компанияларга ээлик кылгандыктарын баса көрсөттү.

Ширин Айтматова билдиргендей, депутаттар буудайды импорттоо аркылуу 2015-жылдагы Парламенттик шайлоого кетирген чыгымдарын жаап, андан башка дагы 650 млн сом акча тапканга жетишкен.

Ал шайлоодон 10 күн өткөндөн кийин 2015-жылдын 14-октябрында Жогорку Кеңеште Кыргызстанга алынып келинген буудайларга бажы салыгынан бошотуу токтомун «Өнүгүү-Прогресс», КСДП жана «Кыргызстан» партиялары колдоп чыгышканына токтолгон.

Анын себеби катары, аталган партиялардын лидерлеринин бизнестери ун жана буудай менен байланыштуу болгонун көрсөткөн.

Мисал катары, ошол учурдагы КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун «Акун» ун жана ун азыктарын өндүрүүчү ишканасын, «Кыргызстан партиясынын түзүүчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун «КазГрейн» ун жана ун азыктарын чыгаруучу ишканасын, жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин депутат болуп келгенге чейин ун компаниясы болгон «Мариям» ААКка жетекчилик кылып келгенин, азыркы учурда ал ишкананы жубайы жетектей турганын көрсөткөн.

Эске салсак, Ширин Айтматова ушул жылдын жайынан баштап, коррупцияга каршы өнөктүгүн баштаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM