«Марал-шоу» программасынын бул жолку коногу — Кыргыз Эл артисти,Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу ырчы-аткаруучу Саламат Садыкова. Залкар ырчы бизге кыргыз тилинин өткөн доордогу жана учурдагы орду, сөздүн кадыры тууралуу кеп салып берди.
— Ааламда канча эгемендиги бар эл болсо, эл экенинин эң биринчи белгиси — анын тили. Тили бар элдин ары да болот, намысы да болот. Тилге жараша дарактай болуп, көгөрүп, мөмөлөп өсөт экенбиз. Кыргыз эли — «Манастай» улуу эпосту жараткан, эчендеген дастандары, санат-термелери бар, деги койчу, сөзү аркылуу дайрадай ташкындаган элбиз.
Айталы биздин бала кезде айтылган сөз жерде калбайт эле. Улуулардын сүйлөп койгону бүтүндөй элге нурун чачат эле. Жөн гана көчөдө аңгемелешип баратса да, артында сөзсүз таалим-таасир турчу. Ошолордон сабак, үлгү алчу элек. «Кулактууга кеп айтсаң, кулагынын учунда, кулаксызга кеп айтсаң, туягынын учунда», — дедирбөөгө тырышат элек. Биз ошондой улуулукту кастарлаган, сөз багып чоңойгон муунга кирип калдык. Анткени, «Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт», — деп коёт.
«Элдин улуу касиети, тилдин улуу касиети, руханий дүйнөбүз ааламдашуу дооруна сиңип, жоголуп баратат» дегенибиз менен кыргыз эли абдан бактылуу эл экенбиз. Дегеним, тээ Совет доорунда орусташтыруу жүрүп, басым-кысым күчөп турганына карабай, Кусейин Карасаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Камбаралы Бобулов сыяктуу агаларыбыз тилдин сакталып калышы үчүн жан үрөп, улуу мурастарыбызды бизге жеткирип берди. Анын үзүрүн эми көрүп отурабыз.
Азыр эми заман өзгөрүп жаштарыбыз сөз бакпай калды. Көбү айткан кебиңди укпайт. Угузуш үчүн орусча кайрылышың керек. Кыргызча сүйлөсөң карабайт. Бир эле мисал айтайын, мен жашаган кабат үйдүн лифтинен дайым бир кыз кездешет. Көрүшкөн сайын «Здравствуйте» деп коёт. Ичимден: «Атаңдын көрү, ушунун эне-атасы кыргыз болду бекен?» — деп калам. Мына ушунун баары эле — тилдин көйгөйү.
Мен өзүм өтө кыргызчыл, улутчул кишимин. Эне тилимде амандашып турса, мен кубанамын.
Антсе да, эл болгондон кийин арасынан улутка күйгөндөр да чыкпай койбойт экен. Жаштардын баары Батыштын агымын ээрчип кетти дегенден алысмын. Учурда жогоруда атаган агалардын жолунда бараткан өтө курч акындарыбыз бар. «Мындай жалындуу жаштар барында, тилибиз, каада-салт, нарк-насилибиз жоголбойт экен», — деп кубанып калам.