Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Мектепте жоолук салынса болот, хиджапка уруксат жок

Коом | 20 Сен 2019 | 3040 | 2

Мектепке хиджап кийип барууга мыйзам жол бербейт, бирок мектеп формасы менен жоолук салынууга уруксат берилген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Бирок ата-энелер менен мектеп жетекчилеринин ортосунда сабакка жоолук салынып келген окуучулар боюнча эки ача пикирлер дагы деле бар. Айрым серепчилер: «Бул маселени мектеп үчүн бир форма кийирип, намаз окуган окуучулар үчүн да форма ылайыкташтырып чыгуу менен чечүү керек», — деп эсептейт. Айрымдары: «Жаш кыздарга диний көз карашты эрте таңуулоо — адам укугун бузуу менен барабар», — деген пикирде. 

Окуучу кыздын хиджабын чечтирүүгө аракет жасаган мугалимдин окуясы тартылган видео социалдык тармактарда тарап, андагы талкуу бир жумадан бери басыла элек. Ал окуя Алай районунда болгон. Мындан улам биз: «Диний ишенимине жараша жоолук салынган окуучу кыздардын азыркы жагдайы кандай?» — деген теманын алкагында сурамжылоо жүргүздүк.

Саламат Асанова быйыл 9-класста окуйт. Ал катардагы мектепте билим алат жана мусулманчылыкта парз деп эсептелгени үчүн жоолук салынып жүрөт. Өзүнүн формасын мектептин талабына ылайыкташтырып, үстү ак, асты кара кийимдерди кийип барарын айтып берди.

— Мен 9-класста окуйм. Жоолук салынганыма 4-5 жыл болуп калды. Албетте, башында мугалимдер, классташтарым каршы болуп, ойлон дешкен.Бирок мен аларды уккан эмесмин. Бул — менин жеке тандоом. Мен кадимкидей эле форма кием. Үстүмө ак кофта, кара юбка кийип барам. Мен, тескерисинче, жоолукту кеч салындым деп ойлойм. Менин 2-4-класста окуган сиңдилерим бар. Алар азыр жоолук салынышат. 

Мектептеги окуучу кыздардын жоолук салынуусуна тыюу салуу боюнча акыркы беш жылда ондогон окуя катталган. Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени чечүү үчүн мектептерде жоолук салынууга уруксат берген. Бирок мектеп формасына шайкеш болуусу керектигин министрликтин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова айтып берди.

— 2015-жылга чейин мектептерде башаламан форма орун алып, талаптар аткарылбай баштаган. Мындан улам, өкмөттүн токтому менен форма киргизгенбиз. Ал эми элге тараган видеодо окуучу эч кандай форма кийбей эле турат. Билим берүү мыйзамынын 4-беренесинде: «Ар бир окуучу, мугалим өзүнүн диний ишенимдерине жараша кийинип жүрүүгө уруксат жок», — деп жазылган. Хиджап диний кийим болуп эсептелинет. Бирок, окуу мекемелеринде мугалимдер, окуучулар жолук салынып эле барып жатат. Буга тыюу жок. Биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Улуттук кийим, каада-салтты да унутпашыбыз зарыл.

Негизи эле ата-энелердин диний көз карашынан улам, секелек кыздарга да жоолук салынтуусу канчалык туура? Бул боюнча «Башталгыч класстын кыздарына жоолук салынуу эртелик кылат», — дейт тарбия маселелери боюнча адис Асылбек Жооданбеков. Ал хиджап маселесинде ата-эне жана мугалим тыгыз байланышта болуп, бири-бирин түшүнүү менен карашы керектигине токтолду. Ошондой эле, үй-бүлөлүк баалуулуктар, жазылбаган мыйзамдар ар дайым эске алынышы керек.

— Ар бир үй-бүлөнүн жазылбаган мыйзамы бар. Бул нерсеге башка бирөөлөр кийлигишип, үстөмдүк да кыла алышпайт. Бирок башталгыч класстын окуучулары жолук салынып, хиджап кийгени — менин жеке оюмда, эртерээк. Алар — бала, ойнош керек. Чоңойгондо, өзү чечип, бир жолго түшүп алса болот.

Ал эми теолог Улан Усупов: «Мусулман мамлекетте жашап жаткан соң, жоолук салынып, хиджап кийип жүргөн окуучуларга тыюу салуу туура эмес», — деп эсептейт. Ал бул маселени мектептерге дизайны жоолук салынган окуучулардын да кызыкчылыгын эске алган бирдей форма кийирүү менен чечсе болорун айтат.

— Азыр коомчулук динге басым жасап, бөтөнчө жаштарыбыз намаз окуп жатат. Бул — жакшы кадам. Бирок бул нерсеге мектеп да шарт түзүп берүүсү керек. Дегеним, формалар бардыгына бирдей чыгып, жамынган кыздарыбызга да ылайыктуу болгудай дизайн ойлоп чыгышыбыз керек. Анткени, замандын агымы ушул тарапка бара жатат. Жоолукту чеч дегенге болбойт. Мугалимдер да макул болбошко аргалары жок.

Коомчулук окуучулардын хиджап кийип, жоолук салынып мектепке барып билим алуусуна кандай карайт? Бул боюнча жарандардын оюн билип көрдүк.

— Ар кимдин өзүнүн иши. Ким кандай кааласа, кийине беришсин.

— Мен каршымын. Ал бала дагы деле. Акыл кирип, токтолуп, жашоонун ак-карасын ажырата билип калганда гана кийсе болот.

— Кыз бала балакатка жеттиби? Демек жоолук салыныш керек. Бул — парз. Ал эми мектептерге киргизбей, элдин көзүнчө чеч деп кыйнаганы, жадагалса, мыйзамга туура келбейт.

Белгилей кетсек, коңшу Казакстанда да бул маселе акыркы жылдары көп талкууланып келет. Быйыл жазында үч окуучу кыз жоолугун чечпегени үчүн окууга киргизилбей, класстан көчпөй калышкан.

2 пикир

2 пикир

  1. Шекербек Салиев

    22.09.2019 09:42

    Жоолукка ( хиджабга ) каршы чыккан инсан ыймандан чыгып капыр болот.Илими жок,тупой мектеп директорлору ,мугалимдер ал жонундо копчулугунун динден сабаты жок.Жоолук аял затына 9 жаштан парз.

  2. Абдымамбет Сариев

    22.09.2019 16:40

    Мектепти бирдиктүу форма болуу керек. Кыргыз-казактын каада-салты боюнча эрге тие элек кыздар жоолук салынбоо керек. Азыр жоолук салып туруп кээ бир динчилдер кыздарды 9 жашта «шакабатка жетти1» деп катын кылып туудуруп коюп атышат. Бул жакшы эмес. Кыздын кыздай болуп, кыргыздын салтын бузбай, жоолук салынбай, жалпы мектеп формасын кийгени жакшы. Жоолук салган туура эмес

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM