Биз менен байланышыңыз

Кашкар Жунушалиев Баткен ИИМдин аймактык бөлүмдөрүн текшерди

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 368 | 0

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын Лейлек, Кадамжай районундагы бөлүмдөрдүн, Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин башчысы аймактык бөлүмдөрдүн кызмат өтөө жерлерин, кызматтык ишмердүүлүгүндөгү уюштуруучулукту текшерип, Лейлек районунун Кулунду айылында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашкан милиция кызматкерлерине бир нече тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте чек арага чектеш райондордогу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM