Биз менен байланышыңыз

Онолбек Каныбек уулу: Сыйлык жалгыз меники эмес

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 533 | 0

19-сентябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Анда сыйлыктарды алгандардын эң  кичүүсү, Кыргызстандын Волейбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Онолбек Каныбек уулу Президенттин Ардак грамотасын алды. Бирок спортчу бул ийгилик жалгыз гана өзүнө таандык эмес, жалпы команданын жетишкендиги экенин белгиледи.

— Сыйлык алып жаткандардын эң эле кенжеси мен экем. «Буга татыктуумунбу? Туура эле алып жатамбы?» — деп ойлонуп жатам. Бул сыйлык — жалпы команданыкы!

Оңолбек буга чейин 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын версиясы боюнча «Мыкты спортчу»; ошол эле жылы «Sports Awards-2015» спортчуларды сыйлоо долбоорунун версиясы боюнча «Мыкты волейболчу»; 2016-жылы Улуттук лиганын чемпиону; «Жаңы муун» командасынын курамында Кыргыз Республикасынын чемпиондугунда II орун; Ысык-Көл оюндарында жана республикалык спартакиадада алтын медаль; 2017-жылы КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы; Азиянын аймактык чемпионатынын «Мыкты оюнчусу» жана 2018-жылы Дүйнө чемпионатынын II тандоо турунун «Мыкты оюнчусу» болгон.

Мамлекеттик сыйлык ээлери. Кубанычтар [фото]

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM