Биз менен байланышыңыз

Роза Отунбаева: Саясатта жана коомдо аялдын орду жогору болушу керек

Коом | 18 Сен 2019 | 1410 | 0

Бишкекте Борбор Азиядагы 5 мамлекеттен келген өкүлдөр «Гендердик теӊчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү» боюнча диалогго чогулду. Анда аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий маселелерде теӊ укуктуу болушун камсыздоо сунуштары талкууланды. Алар аялдардын коомдук процесстерге жигердүү катышуусундагы тоскоолдуктарды жоюп, өлкөдөгү ордун кеңейтүүнү көздөшөт.

Кыргызстандын мыйзамына «Башкаруу органдарынын 30 пайызы аялдар болушу керек» деген ченем кирген. Бирок бул талап 10 пайыздан жогору болбой жатат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дүйнөдө аялдардын ролу чоң экенин айтып, Борбор Азиядагы аялдардын укугунун корголбой жатышына тынчсыздануусун билдирди.

— Дүйнөдө аялдардын ролу чоң. А бирок Борбор Азия мамлекеттеринде аялдардын укугу корголбой жатат. Буга эмне себеп болууда? Же болбосо коом бул нерсеге даяр эмеспи? Балким, коомчулукта суроо-талап жок болгону таасирин тийгизип жаткан чыгар.

Өзбекстандан келген укук коргоочу Малика Инакова гендердик теңчилик боюнча Борбор Азия өлкөлөрү жаңы реформанын үстүнөн иштеп жатканын билдирди. Мисалы, Өзбекстандагы аракет жакшы жыйынтык берип жатат.

— Өзбекстан гендердик теңчилик боюнча реформа жүргүзүүдө жакшы жыйынтыктарды берип жатат. Акыркы 2 айда кабыл алынган жаңы мыйзам менен 3-сентябрдан тарта иш алып баруудабыз. Аялдардын жана эркектердин укугун коргоонун үстүндө Өзбекстан көп жылдан бери иштеп келатат.

Тажикстандык коомдук ишмер жана  укук коргоочу  Гулджахон Бобосадыкованын айтымында, гендердик теңсиздикти бир эле күндө чечип коюу мүмкүн эмес. Анын үстүнө Борбор Азия өлкөлөрүндө калыптанган көз караштар, каада-салттар, шарияттын талаптары да кедергисин тийгизет.

— Бизде жалпы маселе көп, бүгүн дагы гендердик теңчиликти камсыздоо тууралуу ой-пикир алмашабыз. Азия өлкөлөрүндөгү маселелер окшош, теңсиздикти жоюу бир күндө же бир жылда чечиле калбайт. Себеби, калыптанган көз караштар, шарияттагы талаптар жана башка субъективдүү жана объективдүү тоскоолдуктар бар.

Кыргызстанда бала менен эненин өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн жогору болушу, ички жана тышкы миграцияда аялдардын санынын өсүшү да терс көрүнүш катары белгиленет. Ошол эле учурда, аялдар жана жаш кыздарга карата зомбулук, кодулоо, балдар эмгегинин өсүшү сыяктуу көйгөйлөр бар.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өзгөчө аймактарда, айыл өкмөттөрдө аялдардын орду жогорулашы керек деп эсептейт.

— Өзгөчө аймактардагы айыл  өкмөттөрдө аял депуттардын 30 % квотасы кирсе, аялдардын маселелери көтөрүлөт эле. Социалдык маселелер четте калып жатканы өкүндүрөт. Аялдын орду коомдо болобу, саясатта болобу, жогору болушу керек. Биз өзүбүз акча таап, өнүгүшүбүз керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Жогорку Кеӊешинде аял депутаттардын саны 15%ын түзөт, бул шайлоо кодексинде бекитилген 30 пайыздык гендердик квотадан эки эсе аз.

Ал эми жергиликтүү кеңештерде аял депутаттар 11 пайызды түзөт. Бул Кыргызстандагы 453 айылдык кеңештин 86сында бир да аял депутат жок дегенди түшүндүрөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM