Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Арка массивине суу өткөрүүгө дюкер куруу зарылдыгын белгиледи

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 496 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча амбициялык тапшырма коюлганын эске салды.

Ошондой эле кийинки жылга карата ири инфратүзүмдүк долбоорлордун ичинде Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына кошумча 1800 гектар сугат жерин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн Арка массивине суу өткөрүүгө дюкер куруу зарылдыгы белгиленди. Буга керектелген 1,9 млрд сомдун бир бөлүгү республиканын 2020-жылкы бюджетинен каралат, калган бөлүгү эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен тартылат.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев «Ирригацияны өнүктүрүү» мамлекеттик программасына киргизилген 46 ирригациялык объектинин ичинен 2023-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 32 объект аныкталганын билдирди. Бүгүнкү күндө 2 ирригациялык объектиде жумуштар бүткөрүлүп, 14үндө реконструкция жана курулуш иштери жүрүп жатат.

Көкүмбек Таштаналиев Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында 46 ирригациялык объектинин жыйынтыкталышы менен 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырарын жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөрүн кошумчалады. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Copyright © 2017 Maral FM