Биз менен байланышыңыз

АКШ-Беларусия: 11 жыл өттү, эми элчилерди дайындоого убакыт келди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 397 | 0

АКШ менен Беларусия 11 жылдан ашык убакыттан бери токтоп калган мамилелерин жандантууну чечишти. Биринчи кадам катары эки тарап бири-бирине элчилерди дайындады.

17-сентябрда Минскке иш сапар менен келген Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хэйл бул сүйүнүчтүү кабар болгонун белгиледи.

Бул кызматташтык Батыш менен Орусиянын мамилеси чыңалып турган учурга туш келди. Эки тараптын алакасы 2014-жылы Москва Украинага таандык Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин курчуп кеткен.

Беларусиянын АКШ менен мамилесин оңдоо аракети аймактык бүтүндүктү коргоого байланыштуу экендигин айтышууда айрымдар.

Минск бир нече ай мурда дипломатиялык кызматташтыкты жандандыруу максатында кайрылган, бирок Вашингтон анын чечүү үчүн убакыт керектигин билдирген болчу. 17-сентябрда Дэвид Хэйл алака түзүүгө убакыт келгендигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM