Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын версиясы: Чек ара чырынан улам 3 жаран каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 1206 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда тажик тараптан 3 аскер каза болгон. Мындай маалыматты Азияплюс порталы жазды.

Тажикстан: «Алгач кыргыздар такталбаган жерге курулуш жүргүзүп баштагандыктан, жергиликтүү тургундар арасында карама-каршы пикирлер жаралып, кыргыз тараптан 250-300дөй аскер келген», — деген версияны айтышууда.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы: «Кийин булар чагымчылдыкка алдырып, саат 19:00дө куралсыз жай тургундарга ок аткан. Анын кесепетинен биздин бир топ жаран жаракат алды», — деген маалымат тараткан.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районуна караштуу Максат айлында эки тараптуу ок атышуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, 14 адам жаракат алган.

Учурда абал кечээки күнгө салыштырмалуу туруктуу. Чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM