Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Жарадар болгондор Бишкекке алынып келинет

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 949 | 0

Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Чек ара кызматынын маалымдашынча, учурда эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана чек арачылар ортосунда сүйлөшүү пландалууда.

Анда Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын УКМКсынын биринчи орун басары Хикматулло Пираков баштаган топтор жолугушат.

Такталган маалымат боюнча, Максат айылындагы атышууда 13 адам жаракат алган, алардын жетөө аскер кызматкерлери. Учурда алар Исфана шаардык ооруканасында. Алардын ичинен эки чек ара кызматкеринин абалы оор деп бааланууда. Калган 11 жаран Башкы штабдын атайын аскердик учагы менен Бишкек шаарына алынып келинмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM