Биз менен байланышыңыз

Чек ара боюнча айтып чыккан айылдык кеңештин депутаты сурак берүүдө

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 5934 | 0

Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маселе көтөргөндүгү үчүн сурак берүүгө кирип кетти. Бул тууралуу ал «Маралга» билдирди. Бөрүбаев азырынча кайсы укук коргоо органында сурак берип жатканы белгисиз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы телефон чалууларга жооп бере элек.

Сапарали Бөрүбаев бүгүн «Маралдын» «Айлампа» программасында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маек курган.

Ал такталбаган аймакта тажик тарап шагыл төгүп, иштерин улантып жатканын билдирген.

«Тилекке каршы, жергиликтүү бийлик өз позициясын алдырып койгондой. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун, акимдин элге да, жогору жактагыларга да, туура эмес маалымат бериши мени өкүндүрөт. Айылдык кеңештердин депутаттары, эл өкүлдөрү маселе кыргыздын кызыкчылыгы үчүн чечилүүсүн талап кылып келгенбиз. Бирок комиссиядагы картаны түшүнбөгөн адамдардын шалаакылыгынан улам маселе жаралууда», — дейт Бөрүбаев.

Кошумчалай кетсек, Баткен облусунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары облус жетекчиси менен жолугушуу учурунда, чек ара боюнча ЖМКга маалымат жарыялабоо тууралуу эскертүү алышкан. Мындай маалымат «Маралга» жеке булактардан келди.

Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрга карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады.

Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган иштерди жүргүзүүнү улантууда.

Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өткөн.

Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан.

Тема: Чек ара Конокто: Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев ,

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Воскресенье, 15 сентября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM