Биз менен байланышыңыз

Орусия, Иран жана Түркия президенттери Сириядагы кырдаалды талкуулайт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 436 | 0

Бүгүн , 16-сентябрда Орусия, Иран жана Түркиянын өкүлдөрү Сирия согушун токтотууга багытталган маселелерди талкуулоо үчүн жолугушат. Үч тараптуу саммит Түркиянын борбору Анкара шаарында өтмөкчү.

Жолгушуу учурунда Идлибдеги жана Сириянын түндүк-чыгышындагы кырдаал, ошондой эле бул өлкөдөгү саясый абалды калыпка келтирүү маселелери талкууланары мерчемделген.

Сирияда 2011-жылдан бери басылбаган согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды. Беш миллиондой адам качкынга айланды.

3 өлкөнүн башчылары Владимир Путин, Хасан Роухани жана Режеп Тайып Эрдоган бул көрүнүштү токтотууга кызыкдар болуп келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM