Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Чек ара кызматы Ак-Сайга пост куруп жатат

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 1293 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрга карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады.

Ош-Баткен-Исфана унаа жолу ачык.

Кыргыз тарап Көк-Таш – Ак-Сай жолун асфальттоо иштерин улантууда. Баткен районунун Ак-Сай айылынын Дача жергесинде кыргыз тарап чек ара постун куруп жатат.

Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган иштерди жүргүзүүнү улантууда.

Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү.

Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара тарамдарынын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо.

Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан.

Copyright © 2017 Maral FM