Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу шаарында 4 айыл маршруттук каттамы жана таза суусуз күн кечирүүдө

Кыска кабар | 14 Сен 2019 | 644 | 0

Кара-Суу районуна караштуу Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4 айылынын тургундары маршруттук каттамы, таза суусу жана жолу жок күн кечирип келет. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Шаардан 40 км алыста жайгашкан Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4 айылдарынын калкы менен жолугушту. Ош шаарына чектеш жайгашкан аталган айылдарда жалпы 2 миңдей түтүн жашаганы менен бир айылдан 10дон гана үй-бүлө каттоого турган.

Өкмөттүн өкүлчүлүгү тарабынан Кара-Суу районунун акимине жана айыл өкмөт башчысына кийинки жылы калкты каттоо иштерине чейин айылдарга маршруттук каттамды уюштуруу тапшырмасы берилди. Буга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен маршруттук каттам ачууга жашоочулардын саны аз болуп, тоскоолдук жаратып келген.
Таза суу чыгаруу үчүн резервдик фонддон 150 миң сом каражат бөлүндү. Ал эми аким Тилек Матраимов Ак-Буура-3 айылындагы футбол аянтчасын керектүү жабдыктар менен камсыздап берүүнү убадалады. Эң башкы көйгөй катары Ак-Буура-4 айылындагы көпүрө айтылды. Айыл Ош шаары менен чектешет жана аларды байланыштырган атайын көпүрө бар. Бирок шаар тургундары көпүрөнүн жолун таш менен тосуп салышкан. Шаардыктар көпүрөдөн тараган чаң үйлөрүнө кирип жатканын айтышкан.

Айта кетсек, учурда Ош шаардык мэриясы менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM