Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу шаарынын канализациясы жок

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 681 | 0

Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы санитардык абал өтө начар. Шаардын канализациясы жок, аны тезинен курбаса болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу өлкөдөгү эӊ ири район болуп саналат. Шаардын базарына  кыргыз жарандарынан тышкары Өзбекстандан 150 миӊге чукул адам келет. Ошого карабастан, шаардын канализациясы жок.

«Келип-кеткен көп болгондуктан, Кара-Суу шаарында санитардык абал өтө начар болуп калды. Бул маселени биз көп жылдан бери көтөрүп келебиз, азыркыга чейин анын жыйынтыгы жок. Кезинде канализация курууга 1 млн доллар каражат каралган, бирок азыркыга чейин иш ордунан жылбай турат. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө албаса болбойт», — деп кошумчалады депутат.

 

Copyright © 2017 Maral FM