Биз менен байланышыңыз

Мугалимдин кошумча сабагына Өкмөттөн акча каралышы керекпи?

Билим-маданият | 13 Сен 2019 | 839 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова Твиттер баракчасына мугалимдердин айлыгы тууралуу жазды. Анын айтымында, мугалимдер кошумча сабак өткөнү үчүн ар бир баладан 300 сомдон аларын, тактап айтканда, 20 окуучунуку бир күндө 6000 сом болорун ата-энелер эсептеп беришкен.

Мамытованын бул пикирин коомчулук: «Кошумча сабак өткөн мугалим күнүнө 6 миң сом айлык алат», — деп түшүнүп, катуу талкуу жаралды. Себеби, мугалимдин жарыбаган акчага иштеп келгени маалым. Мамытова коомчулук аны туура эмес түшүнгөнүн айтып жатат. Ал ата-энелердин кайрылуусун жарыялаганын жана өзүнүн да түпкү кесиби мугалим болгондуктан, алардын абалын жакшы түшүнөрүн социалдык тармак аркылуу билдирди.

— Мага айрым ата-энелер ошол кошумча сабак үчүн алынган акчаны санап көрсөтүштү. Мен таң калып, «Элет жеринде мугалимдердин айлыгы аз болуп жатса, Бишкекте силер ушунча бересиңерби?» — десем, «Ооба», — дешти. Менин социалдык тармакка жазган билдирүүмдөн кийин бир ата-эне баласы үчүн мамлекеттик мектепте айына эмес, күнүнө 300 эмес, 700 сом берерин жазды. Мен алардын мага айткан күйүтүн, көйгөйүн жарыяладым. Анан «Мамытова бүт мугалимдердин айлыгын эсептей койду», — деген туура эмес. Балдарына жакшы мамиле кылуусу үчүн ата-энелер мугалимдин айтканын кылышат экен. Ата-энелерден арыз түшкөнүнөн улам жазып чыктым. Билим системасын өзгөртүп, балдардын билим алуусуна шарт түзүлүшү керек.

28 жылдан бери Билим берүү жана илим министрлери алмашып жатканы менен эч бир жыйынтык жок. Мындай пикирин Эсептөө палатасынын мурдагы инспектору, серепчи Абдималик Кудайбердиев айтты. Анын баамында, мектеп ситемасына Өкмөт тарабынан көңүл бурулбай жатат.

— Мугалимдердин акчасы турмуш-тиричилигине жетип-жетпей жатканын көрүп жатабыз. Ата-энелерге чындыгында оор болуп жатат, себеби фондго жана китептерге да акча төлөйт, мамлекет эмне кылат анда?

Билим берүү жана илим министрлигине бул маселе боюнча кайрылып, жооп ала алган жокпуз. Бирок жаңы шайланган министр Каныбек Исаковдун быйыл билим сапатына көңул бура турганын, балдарга шарт түзүп берерин убада кылганы баарыбызга маалым.

Шаардагы мектептерде кошумча курстар көп жана кымбат, ал эми элет жеринде кошумча сабак өтүүгө убакыт каралбагандыктан, мугалимдер негизги саатты гана өтөт. Анткен менен, мектепке акча топтоо айыл жеринде да бар экенин айтып келишет.

Көпчүлүк ата-энелер бул сыяктуу маселелер боюнча арыз жазып кайрылбайт. Себеби, балама зыяны тийип калбасын деп чочулайт. Андыктан, көйгөйлөрдү ич ара талкуулагандан ары өтпөй кала беришет.

Ошол эле учурда, баласына акы төлөп кошумча билим берүүнү мындай кой, кийим-кечесин эптеп бүтөп берип, окууга жөнөтүп жаткандары да бар. Антсе да, ар бир ата-эне балдарынын сапаттуу билим алуусун каалайт эмеспи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлыгы 10 миң сомдун тегерегинде. Өкмөт башчы 2019-жылдын октябрь айынан тарта мугалимдердин айлык акысы 30 %га көтөрүлөрүн айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM