Биз менен байланышыңыз

«ЖИА» Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмуна расмий мүчө болду

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 962 | 0

ЖИА Бизнес-ассоциациясы Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмунун расмий мүчөсү болду. Бул тууралуу аталган ассоциациянын маалымат катчысы билдирди.

Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмунун негизги миссиясы ассоциациялардын социалдык жоопкерчилигин эл аралык деңгээлге чыгарып, бул аркылуу ишкердикти өнүктүрүүнү жана өлкөдө жаңы жумуш ордун түзүүнү көздөйт.

Бул уюм:
— Дүйнөдөгү бизнес-ассоциацияларды бириктирген глобалдык деңгээлдеги формалдуу жалгыз аянтча;
— 143 өлкөдөн 150 улуттук бизнес-ассоциациялар мүчө;
— Ассоциациялардын глобалдык деңгээлде укуктарын коргойт;
— Бириккен улуттар уюму , G-20, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык уюмдар ишкердикке тиешелүү күн тартибин Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмунан алат;
— Бир өлкөдөн бир улуттук ассоциация гана мүчө боло алат;

ЖИА Кыргызстандын атынан инвестиция тартуу, башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу, ишкердикти өнүктүрүү боюнча Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмунун иш-чараларына катышат.

Copyright © 2017 Maral FM