Биз менен байланышыңыз

«E-Kyzmat» системасы кандай жеңилдиктерди берет?

Коом | 12 Сен 2019 | 2293 | 0

Мамлекеттик органдарда аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында иштелип чыккан электрондоштуруу системасы ишке кирүүдө. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында кызматкерлерди окутуулар жүрүп жатат.

Мамлекеттик кадр кызматы жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасы «Е-Kyzmat» автоматташтыруу системасын ишке киргизүүдө. Системага мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, муниципалдык кызматтар киргизилет. Өлкө боюнча бирдиктүү система катары иштей баштайт. Себеби, ал алтымышка жакын отчетту автоматтык түрдө чыгарып берет.

Мамлекеттик кадр кызматынын электрондук бөлүмүнүн башчысы Индира Шаршенова «Е-Kyzmat» системасы 6 функционалдык модулдан турарын айтып берди.

— «Е-Kyzmat» системасын бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар колдонушу керек. 2017-жылдан баштап «Инфоком» ишканасы түзүмүн иштеп баштаган. Ал 6 функционалдык модулдан турат.  

«Мамлекеттик кызматтарды электрондоштурууга токтолсок, документтерде каталар болбойт, автоматтык түрдө туура жана так кызмат көрсөтүлөт», — дейт Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский.

— Системаны ишке ашырууга көп убакыт талап кылынды. Бул — оор жана татаал система. Мамлекеттик органдардагы башкарууларды электрондоштуруу керек. Иш кагаздардын ашыкчаларын алып салуу зарыл. Ал 5-6 күн убакытты алат. Ошондуктан, бул система керек,  системага салык кызматтары жана иш кагаздар боюнча кызматтар кошулат. Эми мурдагыдай кагаз көтөрүп жүрүү токтойт.

Шаар тургундары да мамлекет көрсөтө турчу кызматтардын жеңилдегенине кубанып жатышат. Себеби, өлкөдө бюрократия терең калыптанган. Эми иш кагаздарын азайтуу аркылуу аз убакыттын ичинде документ алууга ыңгайлуу шарт түзүлөрүнөн күмөн санашпайт.

 -Технологиянын заманында ишибиз жеңилдеп жатат. Убактыбызды кетирбей, үйдө эле отуруп, документтерди жөнөтө беребиз.  Эми азыр уюлдук телефон аркылуу да төлөө кызматтарын колдонуп жатабыз. Документтерди жөнөтүүнү үйрөнүп алуу оңой эле.

Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына караганда, 6-сентябрда 400 объект системага киргизилди. Учурда өлкөнүн бардык облусунда кызматкерлерди окутуу жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM