Биз менен байланышыңыз

Текебаев менен Чотоновдун ишин кароо 1-октябрга калтырылды

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 373 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 12-сентябрда үй камагына чыгарылган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайра каралды. Бирок күбөлөр келбей калганына байланыштуу сот иши 1-октябрда саат 9.00дө улана турган болду.

Соттун: «Өзүңүзгө коюлган күнөөлөрдү моюнга аласызбы?» — деген суроосуна, Текебаев: «Биринчиден, же мамлекетке, же бир жаранга бир тыйын да зыян келтирбесем, эмнени моюнга алышым керек? Экинчиден, кызматтык абалынан пайдаланып, коррупция кылды деп жатышат. Бирок, кантип кыянаттык кылып, кандай орунда, кандай иш кылганымды так айталышкан жок. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген бир дагы кылмышты так айтышкан жок«, — деди Өмүрбек Текебаев.

29-августта Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгарган болчу.

Эске салсак, 21-августта Жогорку сотто «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу  каралып, буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылып, соттун чечимине ылайык, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралууга жиберилген.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолушкан.

Copyright © 2017 Maral FM