Биз менен байланышыңыз

Чоң муштум зөөкүрлөрдү калкалаган ИИМдин мурунку кызматкери кармалды

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 426 | 0

Мурунку ички иштер кызматкери Казыбек Бапышов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Бапышов 10-сентябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кармалган. Ал Чүй облусунун уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 28-августунда Бишкектин Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков тарабынан У. Белеков жана А. Молдожиевдер атуу жарандар катуу токмоктолгон.

Бул окуядан кийин Чүй облустук милициясынын уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Казыбек Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИБ милициясынын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К. Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Окуя Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренси 2-бөлүгү жана 348-берененин 1-бөлүгү боюнча катталды.

Кармалган жаран УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM