Биз менен байланышыңыз

Адамды жүзүнөн тааныган система ишке кирет. Аны кытайлык компания колго алышы мүмкүн

Коом | 11 Сен 2019 | 922 | 0

2020-жылдын февраль айынан тартып Кыргызстанда адамдын жүзүн тааный турган система иштей баштайт. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан ачык сынак жарыяланып, ага 4 компания катышкан. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасынын орун басары Максат Жылышбаев билдирди.

— Азыркы учурда сынактын II этабы болуп өттү. Жалпы 4 компания катышып, анын ичинде Кытайдын «Shenzhen Sunwin» компаниясы эң арзан каражат сунуштады, бирок жыйынтыгы чыга элек. Азырынча эч нерсе айта албайбыз.

Камераны орнотуунун негизги максаты элдин коопсуздугу болушу керек. Өзгөчө эл көп жүргөн жерлерге камера коюлуп, көзөмөлгө алынуусу зарыл. Мындай пикирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов айтты.

— Өлкөнүн бардык аймагына, өзгөчө калк көп барган жерлерге коюу пландалууда. Коопсуздук бардык жерде болуш керек. Бул системанын жакшы жери — адамды жүзүнөн таанып, кылмышка шектелген жаранды табууга оңой болот. Жол коопсуз болгону менен, адамдардын коопсуздугу да маанилүү.

Коомчулукта «Кытай компаниясы аз каражат бөлгөнү менен көздөгөн максаты башка, кооп туудурган жагдайлар бар» деген пикирлер айтылууда. Бул пикирлерди маалымат технологиялары боюнча адис Азис Абакиров да ырастап, Кытайдан келген техникалар бизде дайым эле колдонулуп жатканын айтып, бирок системанын маалымат коркунучу бар болгондуктан, атайын адистер текшерип көрүүсү керектигин баса белгиледи.

— Эми, биз Кытайдан келген турмуш-тиричилик техникаларын колдонуп эле жатпайбызбы? Бирок чындыгында, бул системанын маалымат коркунучу бар, муну атайын адистер канчалык кооптуу экенин карап чыгуусу керек.

Маалымат иретинде айта кетсек, Кытай компаниялары бул системаны Малайзия, Индия, Канада, Сингапур сыяктуу жыйырмадан ашуун өлкөдө ишке киргизген. Ал эми Кыргызстандын 17 шаарына жана 73 калктуу конушуна байкоочу жабдуу орнотула турганы айтылууда.

«Shenzhen Sunwin» компаниясынын өкүлү Денг Чи Чан бул тармакта иштөөдө өз күчүнө ишенгенин жана ишке ашырууну каалаганын маалымат жыйында билдирген.

Айта кетсек, Коопсуз шаар долбоору 2022-жылы Кыргызстандын бардык аймактарында ишке кирери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM