Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков: Ирактан 70тей бала алынып келинет

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 581 | 0

Иракта жүргөн 70тей кыргызстандык баланы өлкөгө алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди. Министр бул маселе татаал процесс экендигин айтат.

«Бул бир күндө чечиле турган маселе эмес. Чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого Өкмөт терең көңүл бурууда. Жыйынтыктарга жетишип жатабыз. Өкмөттүк топтун баруусу пландалууда. Биздин жарандарды кайтаруу боюнча келишим бар. Бирок, балдардын акыркы тизмеси алардын ата-энесинин макулдугу менен жеринде бекитилет. Бул жерде каржылоо, Кыргызстанга кайтаруу, бошотуу, улутун тактоо жана башка маселелер бар», — деди министр.

Айдарбеков маселе бир гана алардын кайтышында эместигин, алардын Мекенде жүрүшү, үй-бүлөсүнө кошулуусу, коомго аралашуусу сыяктуу бир катар социалдык маселелер бар экенин баса белгилейт.

Министр ошондой эле Сирия боюнча да иштер уланып жатканын кошумчалайт.

«Ал эми Сирия боюнча алардын өкмөттүк түзүмдөрү менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал жакта өкмөткө баш ийбеген аймактар бар. Ошол себептен бул маселени чечүүгө колдоо көрсөтө ала турган башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул маселе президент менен премьер-министрдин көзөмөл алдында», — дейт Айдарбеков.

Copyright © 2017 Maral FM