Биз менен байланышыңыз

Футбол Дүйнө чемпионатына тандоо: Тажикстан – Кыргызстан 1:0

Кыска кабар , Спорт | 5 Сен 2019 | 848 | 0

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын, 2023-жылы өтүүчү Азиы Кубогуна тандоо турунун алгачкы беттешинде Тажикстанга 1:0 эсебинде утулуп калды. Оюн бүгүн, 5-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өттү.

Талаа ээлеринин чабуулчусу Алишер Жалилов беттештин эсебин ачты. Бул гол беттештин тагдырын чечти. Бул жеңиш менен Тажикстан курама командасы F тайпасында алгачкы үч упайына ээ болду.

Кыргызстан курамасы 2022-Дүйнө жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандоо этабында Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары менен бирге «F» тайпасына жайгашкан.

Бүгүн, 5-сентябрда Улан-Батордо өткөн беттеште Монголиянын курама командасы Мьянманы 1:0 эсебинде утуп, үч упай алды.

Copyright © 2017 Maral FM