Биз менен байланышыңыз

Нарын облусунун жетекчилигине Эмил Алымкулов барары анык болду

Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 2421 | 1

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, учурдагы Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов дайындалары анык болду. Бул тууралуу облустагы ишенимдүү булактар билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, Нарын облусунун жаңы жетекчисин  Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырып кайтмакчы. Ал боюнча атайын даярдыктар көрүлүп жатканы кабарланды.

Эске салсак, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов бүгүн өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM