Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Өкмөт иштеш гана керек, башка талап жок

Кыска кабар | 4 Сен 2019 | 118 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Өкмөттүн социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Өкмөттүн негизги милдети саналган экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу иштерине тоскоол болчу факторлор дээрлик жок экенин айтты.

«Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан Өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканын тармактарын жана аймактарды өнүктүрүү боюнча актуалдуу чаралар, өлкөнү санариптештирүү, инфратүзүмдүк жана агроөнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын азыркы ишмердиги жөнүндө айтып берди.

Copyright © 2017 Maral FM