Биз менен байланышыңыз

Айыл өкмөтү: бул «мобилдик мектеп» убактылуу, ага бир сом да кеткен жок

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 1218 | 0

Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Алсейитов Кеңеш айылындагы контейнерден салынган мектеп тууралуу «Маралга» айтып берди.

Алсеитовдун айтымында, Кеңеш айылындагы мектеп авариялык абалда болгону үчүн ӨКМ убактылуу алты контейнер алып келип берген. Мындан улам окуучулар эскилиги жеткен, өмүргө кооптуу мектепте эмес, «мобилдүү мектепте» убактылуу окуп турат. Ошол эле учурда эски мектептин ордуна жаңы имарат качан түшөрү белгисиз экенин да кошумчалады.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда контейнерден салынган мектептин ачылышына алты чиновник катышкан сүрөт тарап, ал сынга кабылган болчу.

Ачып атканы контейнер мектеп. Барганы беш чиновник))))

Опубликовано Токтосун Шамбетов Вторник, 3 сентября 2019 г.

 

Copyright © 2017 Maral FM