Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Терең билим адамдын турмушун жеңилдетет

Кыска кабар | 2 Сен 2019 | 588 | 0

«Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан мектептин» жалпы билим берүүчү мектебинин ачылышында. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ал бүгүн ачылып жаткан мектеп билим берүү жаатындагы алгачкы биргелешкен кыргыз-орус долбоор экенин кошумчалады жана өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу билим берүү мекемелери көбөйө берет деген үмүтүн билдирди.

Өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков «Газпромдун» биздин өлкөнүн экономикасына салган инвестициялык салымдардын көлөмү 35 миллиард сом болгонун эске салды.

Президент белгилегендей, бүгүн «Газпром» компаниясы өлкө бюджетине 43 млрд сомго жакын, же 3,2 млрд доллар которгон.

Ал «Газпром» компаниясына өлкөнү мунай заттары жана авиаотун менен, ал эми 2014-жылдан тартып жаратылыш газы менен туруктуу, үзгүлтүксүз камсыздап келатканы үчүн ыраазылык билдирди.

Мамлекет башчысы 2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын, же 400гө жакын калктуу пункттарды газ менен камсыздоо пландалып жатканын канааттануу менен баса белгиледи. Учурда аталган максат үчүн 25 млрд сом салынды.

«Газпром» жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун, Ленинград курчоосунун катышуучуларына, балдар үйлөрүнө, ооруканаларга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүүдө. Бул максатта 400 млн сом калктын социалдык аярлуу катмарына бөлүнүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Copyright © 2017 Maral FM