Биз менен байланышыңыз

Эркин Асрандиев аман-эсен табылды

Кыска кабар | 1 Сен 2019 | 1175 | 0

Ысык-Көлдө изделип жаткан Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев аман эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ал 31-августта Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айлына 25 чакырымдык сууну кесип сүзүп баратып, дайынсыз болгон.

Аны издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу жана “Мөлтүр” кемеси тартылган. Мындан сырткары Ысык-Көл районунун акими жана прокурору “Москва” кемеси жана 1 катер менен чыгышкан.

Саат 02:10 чамасында дайынсыз болгон Эркин Асрандиев аман эсен табылган. Ал Тоң районун Шор-Булак айылынын тушунда көлдө сүзүп келе жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM