Биз менен байланышыңыз

Эркин Асрандиев Ысык-Көлдө изделүүдө

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 716 | 0

Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев изделүүдө. Бул тууралуу informator.kg сайты жазды.

Ал бүгүн, 31-августта Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айлына 25 чакырымдык сууну кесип сүзүп өтмөк болгон. Бирок, кечки саат алтылар чамасында көл үстүндө катуу толкун башталып, жанындагы кайыкчан жандоочулар Асрандиевди таппай калышкан.

Учурда издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3, Тоң райондук №38 ӨКБдан 5 жана Суучулдар кызматынан 2 жалпы 10 куткаруучу тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM