Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев изделүүдө. Бул тууралуу informator.kg сайты жазды.
Ал бүгүн, 31-августта Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айлына 25 чакырымдык сууну кесип сүзүп өтмөк болгон. Бирок, кечки саат алтылар чамасында көл үстүндө катуу толкун башталып, жанындагы кайыкчан жандоочулар Асрандиевди таппай калышкан.
Учурда издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3, Тоң райондук №38 ӨКБдан 5 жана Суучулдар кызматынан 2 жалпы 10 куткаруучу тартылган.
Кошумча маалымат берилет.