Биз менен байланышыңыз

“Ынтымак кербени” облустарда уланууда

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 375 | 0

Чүй облусунан келген 40тан ашуун аксакалдардан турган делегация бүгүн, 31-августта Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Майрамдан соң алар облустук администрациянын жыйындар залына чогулушуп, өлкөнүн ынтымагын бекемдөөгө, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, ар кандай бөлүнүүлөргө бөгөт коюу багытында ойлорун бөлүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнү, аймактарды өнүктүрүү, жаштарга татыктуу тарбия берүү тууралуу пикирлерин айтышты. Андан тышкары келген коноктор жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен “Ынтымак кербени” иш-чарасы Кыргызстандын бардык облустарында өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM