Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Саясат менен алектенгенди азайтып, маселелерди чечүү — негизги милдетибиз

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 692 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктап, көз карандысыздыкты, мамлекеттүүлүктү гана эмес, урпактарга өнүккөн мамлекетти, заманбап коомду калтырыш керектигине токтолду.

Саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык  жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү — биздин милдетибиз. Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап  калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт. Элдин үнүн угуп, журттун талабын аткаруу үчүн, жүрүп жаткан реформаларга жаңы дем беребиз.

Мамлекет башчы ошондой эле алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн — бийликтин тазалыгы аба менен суудай керектигине токтолуп, таза, абийирдүү бийликти бышыктап, мамлекеттик бийликтин таза болушун камсыз кылуу зарыл экендигин белгиледи.

«Бийлик — элге кызмат кылуунун, өлкөнү адилет башкаруунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланган. Бийлик өзү таза болбой туруп, тазалыкты башкалардан талап кыла албайт. Ошондуктан, өз милдетимди таза ниет менен, кынтыксыз аткарам деп, элимдин алдында дагы бир ирет баса белгилейм«,-деди мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM