Биз менен байланышыңыз

Текебаев менен Чотонов үй камагына чыкты

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 1343 | 0

Бүгүн, 29-августта Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Канат Хасанов билдирди.

Соттук отурумга жактоочулар, Текебаевдин партиялаштары жана жакын туугандары гана киргизилди.

Эске салсак, 21-августта Жогорку сотто «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу  каралып, буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылып, соттун чечимине ылайык, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралууга жиберилген.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM