Connect with us

Салык кызматы 7 айда электрондук түрдө 27 миң патент берди

Кыска кабар | 26 Авг 2019 | 466 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 7 айында салык төлөөчүлөргө өзүнүн сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө 26 миң 999 патент берди. Ал эми, бул кызмат ишке киргенден баштап, башкача айтканда 2018-жылдын 1-октябрынан тартып салык төлөөчүлөр бул кызмат көрсөтүүнү 32 миң 547 жолу пайдаланган. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт, ошондой эле, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Патентти кеңседен же үйдөн чыкпай туруп, сутканын ар кайсы учурунда интернет аркылуу алууга мүмкүн болгондуктан, салык төлөөчүлөргө ар жолу салык органына баруунун кереги жок. Патент үчүн төлөмдү терминалдар, банкоматтар жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Азыркы учурда электрондук патент үчүн “Viza” жана “Элкарт” карточкалары аркылуу бир катар банктардан (“Демир банк”, “Кыргызкоммерц банк”, “РСК Банк”), ошондой эле “Элсом”, “Умай” жана “Аманат” мобилдик капчыктары аркылуу төлөөгө болот.

Ошондой эле “Оптима банк”, “РСК Банк”, “Айыл банк”, “БТА банк”, Quickpay, Megacom, AsisNur, Terempay төлөм терминалдары аркылуу жана “РСК Банктын” жана “Айыл банктын” кассалары аркылуу накталай төлөмдөр каралган.

Copyright © 2017 Maral FM