Биз менен байланышыңыз

Ашырбаев: «Кара-Кече» көмүр кенине 20 камера коюлду

Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 727 | 0

“Кара-Кече” көмүр кенине 20 камера орнотулган. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчиси Канатбек Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, бул иш “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата жүрүп, учурда кенди онлайн режимде көзөмөлдөөгө болот. Андан тышкары видеобайкоону мекеменин сайтына жайгаштыруу планы бар экенин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Кара-Кече” көмүр кенине 80 тонналык 2 электрондук тараза орнотулганы маалымдалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM