Биз менен байланышыңыз

Эми Ирвинг Лосано «Наполи» үчүн ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 23 Авг 2019 | 512 | 0

ПСЖ чабуулчусу Ирвинг Лосано «Наполинин» оюнчусуна айланды. Бул тууралуу «Наполи» клубунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматтарга ылайык, Ирвинг Лосанону «Наполиге» өткөрүү 38 миллион еврону түзөт. Ал эми ПСЖ өз кезегинде бул сумманын 20%ын оюнчунун мурдагы клубу «Пачукага» которуп берет. Трансфер үчүн футболчунун агенти Мино Райола 5 миллион евро өлчөмүндө комиссия акысын алат.

Мексикалык оюнчу «Наполи» менен 5 жылдык келишимге кол койду. 24 жаштагы Лосано жаңы клубда жылына 4,5 млн евро эмгек акы алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM