Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Эми соттук процесстин баары ачык- айкын болот

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 1079 | 0

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы сот системасын, укук коргоо органдарын тазалоо, мыйзамдарды өркүндөтүү иштери күчөтүлгөнүн белгиледи.

«Эми соттук процесстин баары ачык- айкын болот, мурдагыдай көмүскө  болбойт. Санариптик инфраструктура, видеобайкоо артыкчылыктуу тартипте киргизилет. Бул коррупциянын жоюлушуна алып келет. Бардык иштер бирдиктүү реестрге катталат», — деди Жээнбеков.

Ал ар бир жаран үчүн тергөөнүн жүрүшү, сот процесси жеткиликтүү болорун жана маалыматтын баары ушул реестрде катталарын кошумчалады.

«Соттук —укуктук реформа элдин колдоосуна муктаж экенин өзгөчө белгилегим келет.  Анткени реформанын ишке ашпай калышын каалаган, эскиче жашоону эӊсеген күчтөр аз эмес. Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбастан, алга кадамдашыбыз керек», — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM