Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушту

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 549 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Ак-Талаа районунун чоң потенциалын белгилеп, анын алыскы тоолуу район катары дагы Кыргызстандын башка аймактары менен биргеликте өнүгөрүн айтты.

Өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү жана ошондой эле тышкы саясаттагы жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө белгилеп өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган максаттар жана милдеттер кыргызстандыктардын кызыкчылыктарында ишке ашырылат деп ак-талаалыктарды ишендирди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылды.

Copyright © 2017 Maral FM