Биз менен байланышыңыз

Атамбаевге 14-кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 15 Авг 2019 | 684 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки айып тагылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев ЖМКга билдирди. Анын айтымында, мурдагы президентке “Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган жана жердин бир бөлүгүн мыйзамсыз ижарага берген” деген айып тагылган.

Аскер прокуратурасы бул фактыга байланыштуу дагы эки кылмыш иши козголгону тууралуу маалымдама берген. Адвокаттын билдиришинче, Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда. Жактоочу бүгүн, 15-августта УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент менен жолугуп чыкты. Атамбаев көрсөтмө берүүдөн жана документтерге кол коюудан баш тартты. Ал ушуну менен Атамбаевге 14-кылмыш иши козголгонун белгиледи.

Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген алты айып боюнча Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен. Башкы прокуроратура депутаттык комиссия койгон айыптарда «кылмыштын белгилери байкалат» деген корутунду берген.

Copyright © 2017 Maral FM