Биз менен байланышыңыз

ЖМК: Курсан Асановго кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 14 Авг 2019 | 800 | 0

“Милициянын кызыкчылыгын сатты” делип ИИМ министринин орун басары кызматынан бошотулган Курсан Асановго кылмыш иши ачылган. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып informator.kg жазып чыкты.

Анда, 7-8-август күндөрү Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Асанов кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, Аскер прокуратурасы 11-август күнү кылмыш ишин ачканы маалымдалат.

Азырынча, ИИМден муну тастыкташа элек.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматында К.Асанов Кой-Ташта өзүн пиарлоо менен алектенгени айтылат.

Курсан Асанов ИИМдин айыптоолоруна макул эмес экенин айтат.

Copyright © 2017 Maral FM