Биз менен байланышыңыз

Парламент Атамбаевдин аракетине укуктук баа берүү чечимин кабыл алды

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 719 | 0

Жогорку Кеңештин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кой-Таштагы окуя тууралуу маселе карап, токтом чыгарды. Комитет төрагасы Наталья Никитенко токтом долбоору тууралуу маалымат берди.

1-Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоодо өкмөттүн иши, анын ичинде күч органдарынын даярдыгы, маалымат менен камсыз кылуу чабал болгон деп табылды.

2-Кыргыз өкмөтүнө Кой-Таштагы окуяны ар тараптуу иликтөө боюнча комиссия түзүү тапшырмасы коюлду. Анын курамына саясий, коомдук ишмерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн киргизүү керек. Ошондой эле өлкөдөгү туруктуулукту, айрым жарандар тарабынан жасалган мыйзамсыздыкты жоюу, жабыркагандарга бардык жардамдарды көрсөтүү милдети жүктөлдү. Мындан тышкары, каза болгон аскердин үй-бүлөсүнө жардам берилет.

3-Башкы прокуратурага мыйзам бузуулар боюнча ар тараптуу жана кылдат иликтеп, Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын кыймыл-аракетине укуктук баа берүү тапшырмасы коюлду.

Бул милдеттерди аткарууну көзөмөлдөө Финансы полициясына жүктөлдү. Тийиштүү комитеттин токтом долбоору талкууда депутаттардын колдоосун тапты.

Бүгүнкү кезексиз жыйынга жалпы 70 депутат катталган. Жыйын башында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да келип кайрылуу жасады.

Copyright © 2017 Maral FM