Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Касым Жомарт Токаев менен сүйлөштү

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 593 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайты жазды.

Маалыматка караганда, президенттер учурдагы актуалдуу маселелер жана көп тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүшкөн.

Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга көз салып жатканын Tengrinews.kz. басылмасы жазды.

Мекеменин маалыматында, казак президенти коңшу Кыргызстанда орун алып жаткан окуя өлкөнүн ички маселеси деп эсептейт. Ал жагдайдын тез арада оңолушунан үмүт кылат.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Бүгүн ушул тапта да Атамбаевдин үйү курчоого алынып, Кой-Ташка кетүүчү жол буулуп турат.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM