Биз менен байланышыңыз

Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 411 | 0

Өкмөткө караштуу Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн маалыматында, бул чечим жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча негиздерди түзүүдө мамлекеттик органдардын ишин координациялоо максатында кабыл алынган.

Жашыл экономика боюнча координациялык комиссиянын төрагасы финансы-экономикалык жана инвестициялар блогун тескеген вице-премьер министр болот, ал эми төраганын орун басары — экономика министри болот.

Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, бизнестин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Жашыл экономика боюнча координациялык комиссиянын жыйыны бир жылда 1 жолудан кем эмес өтүп турат.

Жашыл экономика боюнча координациялык комиссиянын милдеттери:

— жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты өлкө масштабында практикалык ишке ашырууну көзөмөлдөө;

— жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууну баалоо;

— «жол карталарын» бекитүү.

Координациялык комиссиянын ишин уюштуруу жана башка камсыздоо Экономика министрлигине жүктөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM