Connect with us

14-августка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 469 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 8-9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-августта күндүз жана 10-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

10-августта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-10-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-12-августтарда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 14-августта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM