Кой-Ташта барымтага алынган 6 атайын аскер кое берилди. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов кабарлады.
Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда барымтага алынган аскерлер катуу сабалганын билдирген.