Биз менен байланышыңыз

Президент: Акыркы окуя Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке күрөшү эмес

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 877 | 0

Айрым күчтөр акыркы окуяны Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке күрөшү деп жатышат. Бирок бул эки адамдын тиреши эмес, бул өз кызыкчылыгын мамлекеттен жогорку коюунун тиреши. Мындай пикирди президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 8-августтагы кезексиз жыйынында айтты.

-Бул коррупциянын туу чокусу болгон, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттүү жүрүшүн камсыз кылууга болгон күрөш. Бул өз кызыкчылыгын мамлекеттен жогорку коюунун тиреши. Өлкө тарыхында бир нече аттуу-баштуу саясатчылар камакка алынган учурлар болду. Баары сот өкүмүнө баш ийишкен. Ал эми Атамбаев керт башын ойлоп, тергөөгө келүүдөн баш тартты. Элди курмандыкка алып баруудан да кайра тарткан жок.

Президент бүгүн парламенттин кезексиз жыйынына катышты. Ал мурунку президент Алмазбек Атамбаев мыйзамды одоно бузганын дагы бир жолу кайталады.

-Күч органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин нормалары толугу менен сакталды. Бирок, Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу тоскоолдук кылды. Алар мыйзам талаасынан таптакыр чыгып кетишти. Тилекке каршы, бир канча адам жаракат алып, Укук коргоо органдарынын бир кызматкери атылган октон каза болду. Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү — бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле. Маркумдун ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Энеси — Өктөм Мамаева менен кечээ эле мекендештердин форумунда жолуктум эле. Жүрөгүм ооруп турат, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Өлкө башчы азыркы учурда Атамбаевге байланыштуу 5 кылмыш иши боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Ал дагы башка кылмыштардын изи чыгып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM