Биз менен байланышыңыз

Чүй милициясынын жетекчиси Курманкуловдун абалы оор

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 373 | 0

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме буга чейин Самат Курманкулов оор операциядан кийин комага түшүп калганын кабарлаган. Бүгүн ага экинчи жолу операция жасалды.

Курманкулов Кой-Таштагы окуяда башынан катуу жаракат алган.

Андан тышкары жаракат алган 24 жарандын ичинен төртөөсүнүн абалы оор экендиги айтылат.

Кошумчалай кетсек, 7-август күнү күч органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн атайын операция жасашкан. Анын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча, 51 адам жаракат алды. 7-августта бир атайын кызматкер каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM