Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн күндүзгү саат 16.30дарда “Форум” имаратына тарапташтары менен келерин билдирди.
-Алгач “Форумга” барабыз, андан кийин керек болсо Ак үйдүн алдына барабыз.
Маалыматтар боюнча, учурда Атамбаевдин тарапташтарынын жыйыны өтүүдө. Анда Атамбаев барымтага алынган жоокерлер кое берилерин билдирди. Кой-Ташта 200дөй киши чогулуп турат.
Мурунку депутат Мээрбек Мискенбаев Ак үйдүн алдына келип президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылууга чакырды.