Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинин чечимдери кабыл алынды

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 720 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчынын расмий сайты тийиштүү чечим кабыл алынганын жазды.

Президент белгилегендей, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн.

-Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу болуп эсептелет.

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйында УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Бүгүн да Атамбаевдин 200дөй тарапташы чогулду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM