Биз менен байланышыңыз

Комадагы Самат Курманкуловго экинчи жолу операция жасалат

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 1354 | 0

Кой-Таштагы кагылышууда жаракат алган Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго экинчи жолу операция жасалат. Бул тууралуу бир катар басылмалар Бишкек травматология жана ортопедиялык изилдөө борборуна шилтеме берип жазышты.

Андан тышкары борборго 24 жаран түшкөнү, алардын ичинен төртөөсүнүн абалы оор экендиги айтылат. Самат Курманкуловдун буга чейин комага түшүп калганы боюнча маалымат берилген.

Кошумчалай кетсек, 7-август күнү күч органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн атайын операция жасашкан. Анын кесепетинен 48 адам жаракат алып, бир атайын кызматкер каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM